Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 26-ноябры № 1/1

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын 26.11.2024-жылдагы №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Эсептөө комиссиясынын Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 26.11.2024-жылдагы №3-протоколу бекитилсин.

2.Кийизбаев Курстанбек Тентимишович Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

 

С.Кадырова