Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/7
Жаңы-Турмуш айылы
Кара-Токту айылындагы № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине орто мектеп макамын берүү жөнүндө
№ 46 А. Бейшеев атындагы негизги мектебинин педагогикалык кеңеши менен болгон жыйындын протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып,Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Токту айылындагы № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебин орто мектеп макамына өзгөртүп уюштуруу Алай райондук билим берүү бөлүмүнө сунушталсын.
2. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү:
а) Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, баланын билимге ээ болуусуна, инсандыгын калыптандыруу, анын интеллектуалдык шыгын өөрчүтүү, окуп жаткан тилинде эсеп-кысап, окуу жана жазуу ыктарына, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөшө билүү өнөрүнө үйрөтүү максатында № 46 А.Бейшеев атындагы орто мектебин өзгөртүп уюштуруу боюнча укук белгилөөчү жана ченемдик документтердин долбоорлорун даярдасын жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтсүн.
б) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча орто мектеп тибиндеги билим берүү мекемелерине көрсөтүлүүчү ченемдик талаптарга ылайык мектептин материалдык-техникалык базасын иштеп чыксын ;
в) орто мектепти өзгөртүп уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык окуучулардын (алардын ата-энелеринин макулдугу боюнча), педагогикалык жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын камсыз кылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Төрөшев |