Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/8
Жаңы-Турмуш айылы
Коммунизм айылынын тургуну Т.Эсенамановдун арызын кароо жөнүндө
Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 01-13/к сандуу корутундусунун негизинде айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап чыгып, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 01-13/к сандуу корутундусунун негизинде Коммунизм айылынын тургуну Эсенаманов Уланбек Марасуловичке тиешелүү болгон Коммунизм айылынын Каргаша участкасынын Кыз-Эмчек-1 көчөсүндөгү № 124/1 дарегинде жайгашкан “Айыл чарба” максаттык багытындагы жер тилкесин “Турак жай” багытына өзгөртүү жөнүндөгү, 2025-жылдын 6-июнундагы рег. 501 2025 4330 сандуу тартуулоо келишиминин, Жер ресурстары кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалы тарабынан 2007-жылдын 19-мартындагы жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү сериясы № 0028956 сандуу Мамлекеттик актысынын жана Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 30/21 шифрлүү Башкы планына ылайык, каралып жаткан идентификациялык номери 5-01-05-1003-180-01 болгон жеке менчик жер тилкеси –калктуу конуштардын аймагына кире тургандыгын эске алуу менен аталган жер тилкеси калктуу конуштардын аймагына кирет деген корутундусунун негизинде тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевге сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Төрөшев |