Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X отурумунун
ТОКТОМУ
30.07.2025 -жыл. № 10/9
Жаңы-Турмуш айылы
Лизингге кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүнд
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине жана "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына ылайык, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Мусабаев Кадырбек Арапбаевич Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2.Лизингге алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Төрөшев |