Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз II-сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабры № 2/1

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин

Регламентин бекитүү жөнүндө

                                                

  Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлкеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин  2024- жылдын 6- декабрындагы  № 01-25/330-«Кыргыз Республикасында айылдык кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө» буйругунун негизинде  Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлкеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024- жылдын 6- декабрындагы № 01-25/330- «Кыргыз Республикасында айылдык кеңештин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө» буйругуна ылайык Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

2.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши өз ишмердигинде жаңыдан бекитилген айылдык кеңештин Регламентин жетекчиликке алсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев