Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз II-сессиясы

 

2024-жылдын 18-декабры № 2/3

 

Ой-Тал  айыл айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымы жана Кыргыз Республикасынын

Салык кодексинин 404-беренесинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө  

 

 Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана салыктык эмес кирешелерин жөнгө салуу максатында Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши        

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2025-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.

2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэфиценти (Кз) 1,4 өлчөмүндө белгиленсин.

3.Токтом 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.

4.Бул токтомду аткаруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Б.Абдилазиз уулуна сунушталсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыковго) тапшырылсын.

 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев