Загрузка документа…
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини
ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/2
Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы Кызыл-Суу айылындагы №316 контурундагы 0,50га жер аянтын мал чарбачылык кылууга макулдук берилсин.
3. Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кызыл-Абад айылынын Ак-Жар участкасындагы мамлекеттик менчиктеги 0,86га жер аянтын Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
4. Отуз-Адыр айыл аймагынын Фархад айылындагы №1232 контурундагы 1,12га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
5. Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад айылындагы №236 контурундагы 0,30га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
6. Курбан-Кара айылынын №1138а контурундагы Башкы пландын ичиндеги 0,02га магазиндин орду болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эшиевке жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов).
Төрага | Д.Атанов |