Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз III-сессиясы

 

2025-жылдын 26-февралы № 3/2

 

Мамлекеттик салык кызматынын  Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын  20.01.2025-жылдагы  №01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык  Турак жайга же  жайга мүлк салыгынын базалык салыктык  наркын бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын 2025- жылдын 12- февралындагы № 37 «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдүн негизинде Ой-Тал айылдык кеңеши       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагына 2025- жылдын 1- январынан тартып мүлк салыктары киргизилсин.

2.Турак жайга же жайга мүлк салыгы бир чарчы метрге 11 сомдон эсептөө белгиленсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыковго) тапшырылсын. 

Төрага:

 

К.Т.Кийизбаев