Загрузка документа…
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини
ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/4
Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштын) 2023-жылдын 04-апрелиндеги кезектеги I сессиясынын №6 токтомуна жана 2023-жылдын 26-сентябрындагы кезектеги V сессиясынын №7 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштын) 2023-жылдын 04-апрелиндеги кезектеги 1 сессиясынын №6 токтому жана 2023-жылдын 26-сентябрындагы кезектеги V сессиясынын №7 токтому төмөндөгүдөй бириктирилип жазылсын.
А. Кара-Дөбө айылындагы №837-839 контурларындагы жалпы аянты 5,60га болгон жайыт жер аянтынын 5,0га жайыт, №898 контурундагы 6,12га жайыт;
Б. Кызыл-Абад айылындагы №209 контурундагы 3,0га жайыт , №254 контурундагы жалпы аянты 8,51га болгон жайыт жер аянтынын ичинен 6,68га жайыт, №204 контурундагы жалпы аянты 3,2га болгон жер аянтынын ичинен 2,65га жайыт, №127 контурундагы 2,45га жайыт, №205 контурундагы 1,79га жайыт;
В. Чоок калктуу конушундагы №145 контурундагы 9,0га жайыт, №182 контурундагы жалпы аянты 11,05га жайыт жер аянтынын ичинен 5,0га жайыт;
Г. Беше-Кепе калктуу конушундагы №397 контурундагы 2,70га жайыт;
Жалпы 44,39га
2. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлер
№11-26,05га кайрак айдоонун ичинен 24,71га
№144-3,88га кайрак айдоо көп кабат үй
№148-25,35га кайрак айдоо
№107-0,20га жайыт
№108-0,43га жайыт
№146-0,20га жайыт
№150-1,53га жайыт
№149-0,40га жайыт
Жалпы 56,71га кайрак айдоо жана жайыт жер
Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу мамлекеттик менчиктеги АЧМФнын 53,94га кайрак айдоо жана 47,15га жайыт жалпы 101,09га аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которууга макулдук берилсин.
3. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнө сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн. (Э.Эшиев)
5. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов)
Төрага | Д.Атанов |