Загрузка документа…
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини
ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/7
Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы №221контурундагы 4,21га таштуу жайыт жерди жана №222 контурундагы 1,30га курулуштун орду жайгашкан жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу максатында, Кырыгз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө Мыйзамынын 1-главасынын 3- беренесинин жана 1999-жылдын 02-июлунда кабыл алынган №45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы №221 контурунда жайгашкан 4,21га жайыт (таштуу жайыт) жана №222 контурунда жайгашкан 1,30га курулуштун орду болгон жалпы аянты 5,51га жер аянтын көп кабаттуу үй куруу үчүн калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде жалпысы болуп 5,51га жер аянтын көп кабаттуу үй куруу үчүн калктуу конуштун жерлери категориясына которуу(трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Н.Жусупов)
Төрага | Д.Атанов |