Загрузка документа…
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини
ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/9
Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Колот айылына Беккари чуңкуру үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн карап жана талкууга алып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Колот айылындагы түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан №1194 контурундагы 3,0га жакынкы жайыт жер аянтынан Беккари чуңкуру үчүн 0,01га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г.Атамбиевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (А.Аматов).
Төрага | Д.Атанов |