Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 16-апрели № 5/1
Ой-Тал айыл аймагына караштуу айылдарда малдарды жайыттарга жайгаштыруу жана калкты жайлоолорго көчүрүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 5- сессиясынын жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешине караштуу айылдарда малдарды жайлоолорго жайгаштыруу жана калкты жайлоолорго көчүрүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Ничке-Суу,Терек-Суу,Кара-Таш жана Сары-Бээ айылдарынын тургундары үчүн көчүү 10-майдан 15-майга чейин, ал эми көчүп келүүсү 1-сентябрга чейин;
- Ой-Тал жана Көңдүк айылдарынын тургундары үчүн көчүү 10-майдан 15-майга чейин, ал эми көчүп келүүсү 5-сентябрга чейин;
2.Айыл башчылары ,ветеринардык адистер жана коомдук коопсуздук боюнча башкы адис (З.Айтиев):
- айылдык аймакта эпизоотиялык абалды туруктуу кармоону колго алышсын;
- жазгы жайытттарга айдап кетээрде мал жандыктарды жугуштуу ылаңдарга карата ветеринардык клиникалык кароодон өткөрүшсүн жана айыл өкмөтүнүн ветеринардык жолдомо документтери менен камсыздашсын ;
- мал жандыктарды жайыттарга жайгаштыруу мезгилинде жайлоолорго көчүү , көчүп келүү мөөнөттөрүн жана ветеринардык-санитардык эреже талаптарды бузган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүшсүн;
4.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Сатыбалдыйовга тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |