Загрузка документа…
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешини
ТОКТОМ
05.12.2025 -жыл. № 11/10
Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айылынын тургуну Исмаилова Жумагүл Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Отуз-Адыр айылынын тургуну Исмаилова Жумагүл көп жыл мугалимдик кесипти аркалап келди. Айыл аймагынын билим берүү тармагына жана адабий чыгармачыл жаатына кошкон салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исмаилова Жумагүл “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Исмаилова Жумагүл “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” күбөлүгү берилсин..
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук жана администативдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов).
Төрага | Д.Атанов |