Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 16-апрели № 5/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” № 296 Жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 15.11.2024-жылдагы № 52-280-буйругун райондун аймагында турмушка ашыруу боюнча чыккан Кара-Кулжа жергиликтүү мамалекеттик администрациясынын 21.11.2024-жылдагы № 01-12-380-буйругун Ой-Тал айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V-сессиясынын жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагындагы айылдарда маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” № 296 Жарлыгын жетекчиликке алуу менен жана “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнортуу тартиби жөнүндө” нускаманын негизинде иш алып баруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Б.Абдилазиз уулуна тапшырылсын.
2.2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |