Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 16-апрели № 5/3
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешининаймагындагы элдик жыйындардан № 5541-Ничке-Суу, № 5468-Терек-Суу, № 5024-Сары-Бээ, № 5025-Кара-Таш, № 5026-Көңдүк жана № 5027-Ой-Тал учсткалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдору карап көрүп, угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.
II. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомун бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Тиркеме тиркелет.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |