Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 16-апрели № 5/4
Ой-Тал айыл аймагына караштуу Сары -Бээ айылдык мечитинин аталышын “Ысак уулу Шамшидин кары мечити” деп өзгөртүү жөнүндө
2025-жылдын 11-апрелиндеги Сары-Бээ айылынын тургундарынын,айылдык мечиттин аталышын өзгөртүү жөнүндөгү элдик жыйыны боюнча Сары-Бээ айылынын айыл башчысы Камалдин уулу Нурсейиттин берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Бээ айылынын тургундарынын элдик жыйынынын 11.04.2025-жылдыгы № 01-8/6 протоколунун негизинде айылдык мечит “ Ысак уулу Шамшидин кары мечити” деп аталсын.
2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери ,депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |