Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 02-июну № 6/1
2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Ой-Тал айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |