Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/1
2024-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2024-жыл жылы ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2024-жыл ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2.2025-жылдын ичинде Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;
- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланунуу;
- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;
- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |