Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/2
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жанан 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын социалдык - экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жылдын жарым жылы ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык - экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жылдын жарым жылы ичинде ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2.2025-жылдын экинчи жарым ичинде Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөрдү аткаруу жагы милдеттендирилсин:
- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;
- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланунуу;
- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;
- айыл өкмөтүнө түшүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын өз убагында топтолушуна катуу көзөмөл жүргүзүү;
- социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көңүл буруу;
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
3.2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жанан толуктоолор №1-,№2-,№3-,№4- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык – маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |