Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-сентябры № 9/1
Өзгөн шаарында тынчтыкты уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 9 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.
2. Өзгөн шаарынын аймагында мыйзамды сактоо боюнча жер-жерлерде жыйындарда, элдерге, жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине түшүүсү сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |