Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (8-шайланган) кезексиз VII-сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/4
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн балансындагы экскватор жана фронтальный погрузчик техникалары менен жеке жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ой-Тал айыл өкмөтүнүн балансындагы экскватор жана фронтальный погрузчик техникалары менен жеке жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин хронометраж аркылуу аныктоо тууралуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл өкмөтүнүн балансындагы экскватор жана фронтальный погрузчик техникалары менен жеке жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:
- жеке физикалык жактарга, ар бир мото/сааты үчүн- 3000 (үч миң) сом;
2. Келишимдин негизинде аткарылган жумуштун көлөмүнө ылайык иштетилген мото/тсаат боюнча айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Аматов менен эсептешүү жана аммортизациялык төлөмдөрдү “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишканасынын эсептешүү эсебине жөнөтүү жагы “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык тулук, жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердүүлук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Т.Кийизбаев |