Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-сентябры № 9/4
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №5/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №5/3 сандуу токтомунун 2-пунктундагы 2-тиркемесиндеги асфальттарды төшөө тизмесине П.Матросов, Кыргызстан 60-жылдыгы, Банковский, Хлопкомский, Ветеринарный, Төлөбердиев жана (парктын алдынан чыга турган) Ленин тилке көчөлөрү менен толукталсын.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |