Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз X сессиясы
2025-жылдын 30-сентябры № 10/1
Өзгөн шаарындагы социалдык объекттердин курулушуна келип түшкөн максаттуу трансферттерди каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы №782-т сандуу тескемесин жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №8 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жалпысынан 103219,6 (бир жүз үч миллион эки жүз он тогуз миң алты жүз) сом өлчөмүндө келип түшкөн максаттуу трансферт төмөндөгү иштерге каржылоого макулдук берилсин:
- Пайзабад кварталында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчага – 41 229,4 миң сом,
- Жаңы-Турмуш кварталында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакча – 39 158,5 миң сом,
- З.М.Бабур атындагы № 3 жалпы били берүү орто мектебинин спорт залы – 22831,7 миң сом.
2. Жогорудагы социалдык объекттерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |