Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 9-октябры № 11/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө № 270 Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы отурумунун №10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге, жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары баардык МАБтарда өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү МАБта жашаган адамдардан 50 дөн кем эмеси катышсын. МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын өткөрүү күнү 2025-жылдын 1-ноябрына саат 10:00гө белгиленсин. Коомдоштуктун жыйыны Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүү сунушталсын.
4. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү иштерине сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевке тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 1- тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Комиссиянын төрагасы:
1. А. Джалилов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы,
Комиссиянын катчысы:
2. М.Розахунов – Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы,
Комиссия мүчөлөрү:
3. У.Чолуков – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары,
4. Н.Юлдашев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
5. К.Кадиркулов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
6. Н.Шамаматов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
7. И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
8. А.Кадирова - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
9. Н.Соорбекова - Өзгөн шаардык мэриясынын сектор башчысы,
10. К.Кочкоров - Өзгөн шаардык мэриясынын адиси,
11. У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен),
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай |
1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:0 | №7 Мектеп гимназия. |
2 | Гузар-1 | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | №7 Мектеп гимназия. |
3 | Жаңы-Хаят
| 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
4 | Сараксий | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
5 | Үч-Дөбө | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
6 | Кылыч-Бурхан | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | Манас- 185 үйдүн жаны |
8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. |
9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
10 | Борбор | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
11 | Төрт-Көчө | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | К. Датка а.о.м. |
13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. |
14 | Таштак | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. |
15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. |
16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | Жаңы мектептин жанында |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына
сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 170 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 235 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 4-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай | Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж. |
1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | №7 Мектеп гимназия. | А.Талипов М.Абдурахманова М.Рызакулов |
2 | Гузар-1 | |||
3 | Жаңы-Хаят
| 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы | Й.Имьяминов Н.Юлдашев К.Кадиркулов И.Тажибаев А.Кахаров |
4 | Сараксий | |||
5 | Үч-Дөбө | |||
6 | Кылыч-Бурхан | |||
7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | Манас- 185 үйдүн жаны | А.Кадырова У.Чолуков Ф.Чакаева |
8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. | М.Рызакулов М.Абдурахманов И.Дадажанов |
9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. | Х.О.Абдурахманов М.Мирзакаримов Ч.Калматов И.Тажибаев Ф.Чакаева Садыкжан уулу М. Х.Н.Абдурахманов |
10 | Борбор | |||
11 | Төрт-Көчө | |||
12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | К. Датка а.о.м. | Т.Абдукаримов Садыкжан уулу М. М.Нарматова |
13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. | У.Шамуратов М.Абдурахманов С.Маматкасимов А.Мамазаитов |
14 | Таштак | |||
15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. | Н.Шамаматов М.Каримова Д.Кадырахунова |
16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | Жаңы мектептин жанында | У.Чолуков Ч.Калматов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 5-тиркемеси
МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | 18 жаштан жогору жашоочулардын саны |
Бөлүнгөн квота |
1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | 1456 | 9 |
2 | Гузар-1 | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | 1560 | 7 |
3 | Жаңы-Хаят
| 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1305 | 7 |
4 | Сараксий | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1606 | 7 |
5 | Үч-Дөбө | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1838 | 8 |
6 | Кылыч-Бурхан | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1920 | 8 |
7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | 1310 | 8 |
8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | 2259 | 10 |
9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 1978 | 9 |
10 | Борбор | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 635 | 5 |
11 | Төрт-Көчө | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 2506 | 11 |
12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | 3421 | 15 |
13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | 2345 | 10 |
14 | Таштак | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | 3235 | 14 |
15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | 3589 | 15 |
16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | 1663 | 7 |
Жалпы: | 32126 | 150 | ||
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов