Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/1
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) XII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин кызматынан бошотуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы XII сессиясынын эсептөө комиссиясынын № 3 протоколу бекитилсин.
3. Шамаматов Нурилло Маматкаримович Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын у.м.а. |
| С.Маматкасимов |