Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/3
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы биргелешкен отурумунун № 6-протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9228,7 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 7228,7 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 2000,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 9228,7 миң сом каржылоону № 1 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3. Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги айрым иштерди кыскартып, кошумча аткарылуучу иштерди № 2 тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
4. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражатын № 3 тиркемеге ылайык башка статьяларга каржылоого макулдук берилсин.
5. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
1-тиркемеси
№ | Мекеменин аталышы | Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
1 | Өзгөн Тазалык МИ | Субсидия (бюджетти толуктоо, негизги төлөм эмгек акы) | 4000,0 |
|
2 | МММБ департаменти | 2024-жылдан асфальт төшөө жумуштарынан болгон карызды төлөө. | 2000,0 |
|
3 | Өзгөн шаардык мэриясы | Өзгөн шаарында журуп жаткан “Таза-суу жана саркынды суу системаларын орнотуу” долбоорунун кошумча жумуштарына технадзор кызматына | 380,8 |
|
4 | МММБ департаменти | Мектеп жана балдар бакчаларына күз-кыш мезгилине даярдык көрүү | 828,7 |
|
5 | Өзгөн шаардык мэрия | Күйүүчү май сатып алуу | 19,2 |
|
6 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгына | Бала бакчалардын ысык тамак ашы үчүн | 2000,0 | Атайын каражат |
| Жалпы: |
| 9228,7 |
|
Жооптуу катчы М. Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
2-тиркемеси
Билим берүү башкармалыгына 2025-жылдын 9 айына карата бөлүнгөн акча каражатынан 2707,4 миң сом төмөнкү чыгашалардан үнөмдөлдү,
- Ун сатып алуудан 1100,0 миң сом.
- Көмүр сатып алуудан мектептерге 4200,0 миң сом каралыып, 934,0 миң сом.
- Бала бакчаларга 2034,0 миң сом каралып, 535,0 миң сом.
- ДОЦ жана ДТЦ жоюлуп кеткендиктен 138,4 миң сом.
-
№ | Мекеменин аталышы | Багыты | Сумма (миң сом) |
1 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Пилоттук долбоордун негизинде Өзгөн шаардык билим берүү башкармалыгы, Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгына кошулгандыктан, мектептер жана бала бакчаларды кайра каттоодон өткөрүү кызматына | 180,0 |
2 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Өзгөн-Тазалык МИнан болгон карызды төлөөгө | 302,6 |
3 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Өзгөн Таза-Суу МИнан болгон карызды төлөөгө | 276,8 |
4 | МММБ департаменти | МММБ департаментиндеги портер авто унаасын капиталдык оңдоо | 150,0 |
5 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарында 2025-жылда пландан ашыкча жумуштар аткарылгандыктан, 4-кварталга күйүүчү май сатып алуу | 149,0 |
6 | МММБ департаменти | Борбордук аянтка КРнын желегин сатып алуу | 150,0 |
7 | МММБ департаменти | Манас көчөсүндөгү светофорлорду оңдоп кайра орнотуу | 350,0 |
8 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарында жайгашкан Амур-Темур атындагы орто мектебине көмүр кампа куруу | 187,5 |
9 | МММБ департаменти | Цемент сатып алуу (627,9 миң сомго келишим түзүлүп 200,0 миң сом төлөнгөн) | 427,9 |
10 | МММБ департаменти | А.Навои мектебине кошумча класстык бөлмө уюштуруу | 116,5 |
11 | МММБ департаменти | Шагыл сатып алуу | 167,1 |
12 | Н.Азнабакиев атындагы “ Достук” эс алуу балдар паркы | Субсидия (эмгек акысына) | 250,0 |
| Жалпы |
| 2707,4 |
Жооптуу катчы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
3 тиркемеси
Социалдык коргоо беренесинен үнөмдөлгөн 1500,0 миң сом акча каражатын, төмөнкү жумуштарга бөлүү.
№ | Аткаруучу
| Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
1 | МММБ департаменти | В.И.Ленин жана А.Навои атындагы орто мектептериндеги ажатканаларды оңдоо | 400,0 |
|
2 | МММБ департаменти | 2024-жылдан асфальт төшөө жумуштарынан болгон карызды төлөө | 936,5 |
|
3 | Өзгөн шаардык кеңеши | Эмгек акы фондуна толуктоо (2111-эмгек акы 139,4 миң сом, 2121- соц фонд 24,1 миң сом.) | 163,5 |
|
| Жалпы: |
| 1500,0 |
|
2026-жылдын эсебинен карызга жумуш жасоого.
№ | Аткаруучу
| Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
1 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү коп кабатуу үйлөрдүн алдындагы жер тилкесине аллея куруу үчүн | 13000,0 | Тышкы инвестициянын эсебинен |
2 | МММБ департаменти | Өзгөн шарынын Амур-Темур көчөсүнөн борбордук стадионго чыгуучу жолду тосмолоо | 1528,0 | Тышкы инвестициянын эсебинен |
| Жалпы: |
| 14528,0 |
|
Ж