Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/5
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарына асфальт төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы биргелешкен отурумунун № 6-протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын көчөлөрүн асфальттоо үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 1126,5 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-аракеттерди аткаруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |