Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/6
Өзгөн райондук аскер комиссариатынын оперативдүү башкаруусунда турган 2162 м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №5 биргелешкен отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүнүн № 100 дарегинде жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги Өзгөн райондук аскер комиссариаты пайдаланып жаткан 2162 м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |