Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/7
Өзгөн шаарында студенттер үчүн катуу таштандылар үчүн тариф киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы № 6 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында окуу жайларынын студенттери үчүн катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдүн тарифи ар бир студентке айына 50 сом жана жылына 450 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өзгөн шаарынын окуу жайларынын студенттери үчүн катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү төлөө ар бир студенттин контрактынын эсебинен жүргүзүлүүсү сунушталсын.
3. Ушул тарифти 2026-жылдын 1-январынан ишке киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |