Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясы
2025-жылдын 28-октябры № 12/8
Өзгөн шаарындагы “Өзгөн- Бишкек” автобекетин шаардын Жаңы-Өзгөн кварталында жайгашкан муниципалдык жерге көчүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Өзгөн шаарынын борборунда автотыгынды жөнгө салуу максатында, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 11 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Өзгөн-Бишкек” маршуруту боюнча каттаган таксилердин автобекетин шаардын “Жаңы-Өзгөн” кварталында жайгашкан муниципалдык жерге көчүрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Шамаматов |