Редакцияот 07.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 7-февралы № 22

 

Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

 

 

                Кара-Шоро айлдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн” Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн ”Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Токторбай уулу Бекзаттын 2024-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

З.Кадырбеков