Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 31
Мырза-Аке айылындагы М.Нурбаев атындагы орто мектебинин ашканасынын жаңы имаратын куруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, жетекчиликке алып, финансы экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүнүн негизинде, Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Мырза-Аке айылындагы М.Нурбаев атындагы орто мектебинин ашканасынын жаңы имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Мырза-Аке айылындагы М.Нурбаев атындагы орто мектебинин ашканасынын жаңы имаратынын долбоорун куруу иштерине керектелүүчү акча каражаты Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом “Өзгөн Нуру” сайтына жарыялансын, Ош облустук юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |