Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 32
Тазалыктын төлөмдөрүн Мырза-Аке Комуналдык муниципалдык ишканасынын эсебине өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун негизинде жана административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу максатында, айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджети бекитилгендигине байланыштуу, Мырза-Аке айыл аймагынын «тазалык» кызматтарына каралган төлөмдөрдү Мырза-Аке коммуналдык муниципалдык ишканасынын эсебине отурукташтыруу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2025-жыл үчүн тазалык төлөмдөрүн Мырза-Аке коммуналдык муниципалдык ишканасынын эсебине отурукташтыруу чечими кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Өзгөн Нуру” сайтына жарыялансын, Ош облустук юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |