Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 33
Таза суу долбоору боюнча убактылуу пайдаланууга
жер тилкелерин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү Мыйзамынын 19-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Каржы-кредиттик фондунун жана Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоону жүргүзүүчү муниципалдык ишкананын субкредиттик келишимине ылайык, таза суу долбоорун ишке ашыруу үчүн курулуш иштери жүрүп жаткан объекттерге Мырза-Аке, айыл өкмөтүнүн аймагынан убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу өтүнүч каралып, айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Мырза-Аке айылдык кеңеш токтом кылат,
1. Фонд Мырза-Аке айылдык аймагында курулуп жаткан таза суу долбоорунун объекттери үчүн убактылуу пайдаланууга жана күрөөгө коюуга идентификациялык коддору:
1) 5-06-15-1001-3786 3718 м2
2) 5-06-15-0007-5873 10 000м2
3) 5-06-15-1002-0431 900м2
4) 5-06-15-1002-0251 1659м2 жалпы 16277м2 (суу чыгаруучу насос, суу кампа) жер тилкелерин берүүгө макулдук берилсин.
2. Берилген жер тилкелери боюнча тиешелүү мамлекеттик актыларды жана техникалык документтерди мыйзам чегинде каттоо сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом “Өзгөн Нуру” сайтына жарыялансын, Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |