Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 34
Турак жай куруу үчүн жер участокторунун чектик өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-статьясынын 15-пунктусуна ылайык, Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын жалпы жашоочуларына турак жай куруу үчүн жер участокторунун чектик өлчөмдөрү 0,06 га бекитилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга ылайык, жерге болгон укуктук документтерди расмийлештирүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Өзгөн Нуру” сайтына жарыялансын, Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |