Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №01-4/3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Келдибек Каримов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 06-октябрындагы №01-19/216 сандуу сунуш катындагы маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027 - жылдарга социалдык-экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Келдибек Каримов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга түзүлгөн үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебине долбоор даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык- экономикалык
өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Келдибек Каримов атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга
600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана
ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.Дүйшөев |