Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 4-июну № 47
Мырза-Аке айылынын тургуну Бакеев Кенешбайдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Бакеев Кенешбайдын арызынын негизинде идентификациялык номери 5-0615-1001-0443 коду менен өзүнүн менчигинде турган 1419 м2 жер аянтынан 300 м2 жерди калкты тейлөө багытына которгонго макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |