Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/4

Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдагы калдык 5.852.337 (беш миллион сегиз жүз элүү эки мин үч жүз отуз жети) сом каражатты бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин  2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн   жетекчиликке алып  жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин  угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдагы калдык 5.852.337 (беш миллион сегиз жүз элүү эки мин үч жүз отуз жети) сом акча каражаты 2024-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.

2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдагы калдык 5.852.337 (беш миллион сегиз жүз элүү эки мин үч жүз отуз жети) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:-Ж.Калматаев көчөсүнө латок, тратуар жасатууга 2.921.838 сом, Биймырза айылынын спорт комплексине 2.000.000 сом Осмонов атындагы мектебинин айланасын тосууга 400.000 сом, Коомдук алдын алуу борборунун иштерин уюштурууга 50.710 сом жана жайыт пайдалануучулардын жыйымдарына 479.790 сом бөлүнсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев