КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы № 18/5
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жыл жыйынтыгы менен бюджетинин
аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 80.976.600 (сексен миллион тогуз жүз жетимиш алты миң алты жүз) сомго жана чыгаша 80.496.400 (сексен миллион төрт жүз токсон алты миң төрт жүз) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |