Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/6

Кара-Кулжа айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу

конуш жерлер категориясына которулгандыгын (трансформация) белгилөө,

мамлекеттик фондусунун жер аянтарынан жалпы 41.10 га  жер аянтын

чыгыштоо жана айылдык кенештин 30-май 2008-жылдагы № 15 / 2

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин талаптарына ылайык, айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу жөнүндөгү 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүн жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктегтирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу  жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун 30- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечими угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кулжа айыл аймагында жалпысынан 41.10 га айыл чарба багытындагы жерлер калктуу конуш жерлер категориясына которулгандыгы (трансформациялангандыгы) белгиленсин.

2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянтарынан жалпы 41.10 га жер аянты чыгышталсын.

3. Кара-Кулжа айылдык кенештин 30- май 2008-жылдагы № 15 / 2 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев