Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/8

Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов атындагы көчөсүн, Ч.Пазылов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан башталып Т.Сатылганов атындагы көчөсүн толугу менен асфальт төшөө, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканага калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруучу атайын техникасын жана ички чарбалык жолдордун шарттарын жакшыртууга Грейдер техникасынсатып алуу багытындагы долбоор жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылынын жалпы элдик жыйынынын 20-декабрь 2023-жылдагы № 16 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык  Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кулжа айылынын жалпы элдик жыйынынын 20-декабрь 2023-жылдагы № 16 “Максутов Асилбек көчөсүн, Пазылов Чеги көчөнүн чыгыш тарабынан башталып Токтогул Сатылганов көчөсүн толугу менен асфальт төшөөнү, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканага калдыктарды чыгаруучу атайын техникасын жана чарбалык жолдордун шарттарын жакшыртууга Грейдер техникасын сатып алууну колдоо жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.

2. Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов атындагы көчөсүн, Ч.Пазылов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан башталып Т. Сатылганов атындагы көчөсүн толугу менен асфальт төшөө, айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканага калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруучу атайын техникасын жана ички чарбалык жолдордун шарттарын жакшыртууга Грейдер техникасын сатып алуу багытындагы долбоор жактырылсын.

3. Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов атындагы көчөсүнө асфальт төшөөгө А.Максутовдордун үй-бүлөөсүнүн 1.000.000 (бир миллион) сом акча каражаты өздүк салым катары бекитилсин.

4. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөнүн чыгыш тарабынан башталып Токтогул Сатылганов атындагы көчөсүн толугу менен асфальт төшөөгө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1.000.000 (бир миллион) сом өздүк салым катары бөлүнүн берилсин.

5. Айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишканага калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруучу атайын техникасын сатып алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1.000.000 (бир миллион) сом өздүк салым катары бөлүнүн берилсин.

6. Айыл өкмөтүнө Грейдер техника сатып алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1.000.000 (бир миллион) сом өздүк салым катары бөлүнүн берилсин.7. Долбоорду колдоп берүү жагы “Ош областык өнүктүрүү” фондусуна сунушталсын.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев