КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы
2024-жылдын 06-февралы № 18/9
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан 2026-жылга чейин
түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20 - октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 3 “Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан 2026-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү планын (СЭӨП)угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан 2026-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан 2026-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү планынын (СЭӨП) негизги баскычтарын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн курамына, айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына, жергиликтүү жааматтарга жана коомдук бирикмелерге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |