Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/10

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин

киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин  2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн   жетекчиликке алып,  жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын  26- январь 2024-жылдагы № 1 протоколдук чечимин  угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин кирешеси 74.797.800 (жетимиш төрт миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин ( № 1 тиркеме тиркелет).

 

2.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин чыгашасы 74.797.800 (жетимиш төрт миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет).

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев