Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 59
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 30.06.2025 жыл № 01-01-8/662 сандуу катын кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык «финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын экономикалык-пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,4 кө барабар деп кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Г.Жороева |