Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VII шайланган) кезектүү 18-сессиясы

 

2024-жылдын 06-февралы  № 18/11

“Кара-Кулжа Тазалык” жана “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык

ишканаларын бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 65 беренесинин  1 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуулугу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн   жетекчиликке алып  жана айылдык кеңешинин кошмо жыйынынын 03.02.2024-жыл № 1 протоколдук чечимин  угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.“Кара-Кулжа Тазалык” жана “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканалары бириктирилсин.

 

2. Айрым ыйгарым укуктарын бириккен муниципалдык ишканага берүү жана “Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” бириккен муниципалдык ишкананын Уставын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.

 

3. “Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишкананын 2024-жылга карата бюджетинин кирешеси 15.800.000 (он беш миллион сегиз жүз миң) сомго жана чыгашасы 15.800.000 (он беш миллион сегиз жүз миң) сомго бекитилсин.

 

4. “Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишкананын 2024-жылга карата жалпы 37 штаттык саны боюнча жалпы эмгек акы 10.519.436 (он миллион беш жүз он тогуз миң төрт жүз отуз алты) сомго бекитилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А. Бөрүбаев

                                        Кара-Кулжа айылдык  кенешинин он үчүнчү сессиясынын 

                                        06.02.2024-жылдагы №  18 / 7  токтомуна тиркеме

 

                   Кара-Кулжа айылдык  Кенешинин 2024-жылга түзүлгөн ИШ ПЛАНЫ

№

Сессияда каралуучу маселенин мазмуну

каралуучу маселени кайсы туруктуу комиссияда каралат

мөөнөтү

Эскер-түү

 

1.    Айылдык  кенешинин  он тогузунчу сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер

1

Муниципалдык менчикти эффективдуу башкаруу жана квалификацияга бөлүүнүн абалы жонундо

Айылдык кенешинин агрардык, жерге жайгаштыру, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл апрель айы 

 

2

Муниципалдык ишкананын жана айыл өкмөтүнө караштуу техникалардын абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин агрардык, жерге жайгаштыру, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл апрель айы  

 

3

Учурдагы талаптар, мыйзамдар жана кечиктирилгис маселелер жонундо

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл апрель айы

 

4

Муниципалдык ишкананын Уставы жөнүндө

Айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы

2024-жыл

апрель айы  

 

5

Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия

2024-жыл

апрель айы  

 

6

Калктуу конуштарда жер аянтын бир категориядан экинчи категория которуу (трансформ.) иштери жөнүндө

Айылдык кенешинин агрардык, жерге жайгаштыру, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл

апрель айы  

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык  кенешинин жыйырманчы сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:

1

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешесин толтурууда, киреше булактарын изденип табууда финансы-экономикалык бөлүмүнүн иштери жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл июль айы

 

2

Айыл өкмөтүнүн 2024-жыл бюджетинин жарым жылдын жыйынтыгы менен  аткарылышынын абалы жөнүндө

Айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия 

2024-жыл июль айы

 

3

Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин коомдук угуу  жөнүндө

Айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия 

2024-жыл июль айы

 

4

Тургундардан тушкөн арыздар менен иш алып баруу жөнүндө

Айылдык  кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы

2024-жыл июль айы

 

5

Айыл өкмөтүндө мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берилишинин абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин агрардык, жерге жайгаштыру, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл июль айы

 

 

6

Учурдагы талаптар, мыйзамдар жана кечиктирилгис маселелер жонундо

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл июль айы

 

 

 

 

 

 

 

 

  1.   Айылдык  кенешинин жыйырма биринчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер

1

Айыл өкмөтүнүн 2024-жыл бюджетинин 3-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө

Айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия 

2024-жыл сентябрь

айы

 

2

Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия 

2024-жыл сентябрь

айы

 

3

Калктуу конуштарда жер аянтын бир категориядан экинчи категория которуу (трансформ.) иштери жөнүндө

Айылдык кенешинин агрардык, жерге жайгаштыру, жер жана жер ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл

сентябрь айы.  

 

4

Айылдык Кенешинин депутаттарынын регламенти жөнүндө

Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы

2024-жыл сентябрь

айы

 

5

Муниципалдык ишкананын иштеринин абалы жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

2024-жыл сентябрь

айы

 

6

Айыл башчылардын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын иштеринин абалы жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

 

 

2024-жыл сентябрь

айы

 

7

Учурдагы кечиктирилгис маселелер жонундо

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл сентя. айы

 

 

 

 

 

 

  Айылдык  кенешинин жыйырма экинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:

1

Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин долбоорун түзүү жөнүндө

Айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери

2024-жыл декабрь

айы

 

2

 Муниципалдык ишкананын 2024-жылдын жыйынтыгы менен иштеринин абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин курулуш, транспорт, боюнча туруктуу комиссиясы

2024-жыл декабрь

айы

 

3

Кылмыштуулуктун алдын алууда социалдык адистердин жана  МАЫӨнүн иштеринин абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл декабрь

айы

 

4

Айыл өкмөтүнүн 2024-жыл бюджетинин  4-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссия

2024-жыл декабрь

айы

 

5

Коомдук уюмдар, саясий партиялардын иштери боюнча мыйзамдуулукту кароо жөнүндө

Айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы 

2024-жыл декабрь

айы

 

6

Айылдык Кенешинин депутаттарынын этикасы жөнүндө

Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы          

2024-жыл декабрь

айы

 

7

Туруктуу комиссиялардын иш пландары жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл дек. айы

 

8

 

Айыл аймагынын өнүгүү программалары жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл дек. айы

 

9

 

Учурдагы кечиктирилгис маселелер жөнүндө

Баардык туруктуу комиссиялар

 

2024-жыл дек. айы