Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 68
Салтанаттуу иш-чаралардын, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамына,Кыргыз Республикасынын «“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,«регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы » билдирүүсүнүн негизинде, коомдук коопсуздукту жана жашоочулардын тынчтыгын камсыз кылуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чаралардын, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларынын ишмердүүлүгү (ресторан,кафе,чайкана, ж.б ) саат 22:00гө чейин жүргүзүүлүгө макулдук берилсин.
2. Бул талапты бузган юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар колдонулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |