Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябры № 69
Мектеп менен үч тараптуу келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү менен жалпы билим берүү мектеби жана бала бакчалар,профсоюз уюму ортосунда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана билим берүү тармагына көмөк көрсөтүү максатында үч тараптуу келишим түзүү максатында Мырза-Аке айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө, жалпы билим берүү мектеби жана бала бакча профсоюз уюмдарынын ортосунда үч тараптуу келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Келишимде тараптардын милдеттери так көрсөтүлүп, мыйзам чегинде аткарылышы камсыздалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |