Редакцияот 26.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин (VIII шайланган) кезексиз 2-сессиясы

 

2024-жылдын 26-декабры  № 2/1

Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын кароо боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин  2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн негизинде Кара-Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын кароо боюнча төмөндөгү депутаттык жумушчу курам бекитилсин:-

1.Тиленбаев Аскат Маматазимович - жумушчу курамдын төрагасы ;

2.Орозмаматов Исламбек Шермаматович - жумушчу курамдын мүчөсү ;

3.Мойдун уулу Самат - жумушчу курамдын мүчөсү ;

4.Шаматов Ибрагим Тыныбекович - жумушчу курамдын мүчөсү ;

5.Аким уулу Асан - жумушчу курамдын мүчөсү ;

6.Пазылов Эламан Түмөнбаевич - жумушчу курамдын мүчөсү ;

7.Жуманазарова Мээркан Шакировна - жумушчу курамдын мүчөсү ;

 

2. Депутаттык жумушчу курам айыл өкмөтүнүн жана “Кара-Кулжа Таза-суу жана Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджетинин кирешесинин жана чыгашасынын 2024-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндөгү маалыматын сессияга сунушташсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Топчубаева Токтайым Абдилбаитовна жана Эрмекбаев Байдөөлөт Эргешбаевичке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Ормокеев