Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 70
Мырза-Аке айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуру жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы IV “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү ПЖ № 270 Жарлыгына жана кезектеги IV“ Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 1-октябрындагы №1 протоколуна ылайык, Мырза-Аке айылдык аймагынан өкүлчүлүктүү жыйына делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графигин жана жумушчу топтун курамын карап талкуулап чыгып, Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу 2025 - жылдын 01-ноябрь саат 10:00 гө чакырылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу курамы калктын санына ылайык 100 (бир жүз) делегаттан адам келери белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында өкүлчүлүктү шайлоо боюнча жыйындар 17-октябрдан 24-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 (он бир) адамдан бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Орунбаев Нургазыга милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Г.Жороева |
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүн жыйын өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясынын курамы.
1.Мамрасулов Медияр–Мырза-Аке А/К убактылуу төрагасы –комиссиянын төрагасы
2. Мамытова Айсулуу- А/К катчысы – жумушчу комиссиянын катчысы
3.Муратов И.– А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
4.Исираилова.Ж – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
5.Маматалиева М- А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
6.Айтбаева Ж – А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
7.Раимбердиева Ж - А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
8.Кадыралиев Ү– А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
9.Теңизбаева Н - А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
10.Шакеева И- А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
11.Белеков Э - А/К депутаты –комиссиянын мүчөсү
Мырза –Аке айылдык
Кеңештин катчысы А.Мамытова