Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-апрели №28
Жекенди айыл аймагына караштуу 2,48 га жер аянтты бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы № 1987- контур, таштуу жайыт жер 0,07 га, № 1991-контур таштуу жайыт жер 0,80 га жер, № 870-контур, жайыт жер 1,33 га, № 869-контур, жайыт эсебиндеги 0,28 га, жалпы 2,48 гектар жана Чулук айылына Уюлма участкасынан канал салуу үчүн узундугу 3100 метрди түзгөн жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” ушул эле категориянын “каналдар түрүнө” которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы № 1987- контур, таштуу жайыт жер 0,07 га, № 1991-контур таштуу жайыт жер 0,80 га жер, № 870-контур, жайыт жер 1,33 га, № 869-контур, жайыт эсебиндеги 0,28 га, жалпы 2,48 гектар жана Чулук айылына Уюлма участкасынан канал салуу үчүн узундугу 3100 метрди түзгөн жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” түрунөн, ушул эле категориянын “каналдар түрүнө” которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
Н.Мурзапар уулу |